14:42, 04 ноября 2024, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда эки мамлекеттик гезит баш редакторлорун алмаштырды. Маалыматты 24-kg.com басылмасына министрлер кабинетинен тастыкташты.
Ошентип, Тамара Слащеванын ордуна Елена Жолобова «Слова Кыргызстана» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.
Эң эски басма саналган «Кыргыз Туусу» гезитинин редактору Мырзакат Тыналиев да ээлеген кызматынан бошотулду. Жаңы директор дайындала элек, анын милдетин убактылуу башкы редактордун орун басары аткарат.