09:19, 06 ноября 2024, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постунда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Азыр Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында кар жаап жатат. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрү бар унааларды гана айдап, кардын чынжырларын тагынуу сунушталат.
«Сосновка, Чычкан жана Арал транспорттук көзөмөл постторунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө. Кышкы шарттарга ылайыктуу даярдыгы жок унаалардын айдоочулары ашууларга киргизилбейт», — деп айтылат маалыматта.