19:23
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстанлын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Казакстандын президентин «Манас» эл аралык аэропортунан КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин — Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар