08:49
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Башкы прокурордун мурдагы орун басары кылмыштуу топту каржылаган деп айыпталууда

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Адил уулу Кубан тергөө абагына киргизилди. Маалыматты 24-kg.com басылмасына Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2024-жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, Адыл уулу Кубан башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулган.

«Биринчи Май райондук сотунун 12-ноябрдагы чечими менен ИИМдин тергөөчүсү С.С.нын өтүнүчү канааттандырылган. А. уулу К.га карата тергөөнүн мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган», — деп белгилейт сот.

Маалым болгондой, мурдагы чиновникке карата «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо», «Кылмышка шериктеш болуу», «Кылмышка даярдануу» жана КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча иш козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар