Камчыбек Ташиевдин төртүнчү небереси жарык дүйнөгө келди

16:32, 20 ноября 2024, Бишкек - 24-kg.com

Фото

18-ноябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев неберелүү болду. Бул тууралуу анын келини, модель Эркайым Абдуллаева Instagram баракчасына билдирди.

Фото

Бул Тай-Мурас Ташиевдин төртүнчү баласы, биринчиси 2020-жылы төрөлгөн.

Эскерте кетсек, УКМКнын башчысынын уулу модель Эркайым Абдуллаевага 2018-жылдын күзүндө баш кошкон.