12:18, 02 декабря 2024, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте «Айтматов окуулары — 2024» эл аралык илимий-практикалык форуму өтөт.
Эртең Кыргыз-Орус Славян университетинде окуулар ачылат.
Окуулардын илимий блогунун алкагында академиялык коомчулук төмөнкүдөй маселелерди талкуулоого чакырылат:
Чыңгыз Айтматов КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык мейкиндигинде жана дүйнөлүк көркөм маданиятта: дисциплиналар аралык илимий жана билим берүү мамилелери;
КМШ өлкөлөрүндө жана чектеш мамлекеттерде заманбап гуманитардык илимдердин өнүгүү контекстинде Айтматов;
Дүйнөлүк көркөм маданиятта Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы;
Чыңгыз Айтматов заманбап билим берүү мейкиндигинде.
Илимий блоктон тышкары катышуучуларга билим берүү иш-чараларынын блогу — «Чыңгыз Айтматов жана 21-кылымдын жаштары» мультимедиялык адабий залы; «Чыңгыз Айтматов жана дүйнөлүк көркөм маданият» көргөзмөсү; «Айтматовду дүйнө тилдеринде окуу» медиа сынагынын финалдык этабы, «Чыңгыз Айтматовдун мурасы санариптик доордо» ачык баяндамасы, ошондой эле эркин талкуу жана адабий ачык микрофон болот.