12:30, 02 декабря 2024, Бишкек - 24-kg.com
Каракол лыжа базасында кышкы туристтик сезон ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Лыжа базасы Ысык-Көлдүн визиттик картасы гана болбостон, өлкөнүн негизги кышкы туристтик жайларынын бири болуп калды. 2024-жылы лыжа базасына баруучу 3 чакырым жол оңдолгон.
Иш-чаранын программасында кышкы спортту сүйүүчүлөр үчүн лыжа тебүү демонстрациялары жана мастер-класстар камтылган.