Бишкектин автобус паркында айдоочулар жетишсиз: бош орундар бар

10:19, 13 декабря 2024, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин автобус паркында айдоочулар жетишсиз. «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21 жаштан 55 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Милдеттүү талап — D категориясындагы айдоочунун күбөлүгү.

Мындан тышкары компанияга жогорку билими бар юрист талап кылынат.

Бардык суроолор боюнча 0312657590 телефон номерине кайрылсаңыздар болот.