Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан кетти. Расмий түрдө

12:24, 16 декабря 2024, Бишкек - 24-kg.com

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Эске сала кетсек, Акылбек Жапаров 2021-жылдын октябрынан бери министрлер кабинетин жетектеп келген.