18:36, 20 декабря 2024, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты салтанаттуу түрдө жандырылат. Майрамдык иш-чара саат 19.00дө башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардын башкы балатысынын чырактарын жандыруу салты жыл сайын жүздөгөн жарандардын башын бириктирип, Ош шаарында жаңы жылдык иш-чаралардын башталышын белгилейт.