Бишкекте бүгүн, 23-декабрда эртең менен саат 9.00дөр чамасында унаа бир адамды койуп кеткен. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына окурман кабарлап, кырсык болгон жерден видео жөнөткөн.
Кадрларда Ала-Тоо аянтында жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн артында жеңил унаа жана тез жардам унаасы турганын көрүүгө болот.
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов 24-kg.com агенттигине билдиргендей, кырсыктан 30 жаштагы адам жабыркаган. Ал билеги сынып ооруканага жаткырылган.