Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат

10:13, 08 января 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 8-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти соцтармактар аркылуу маалымат берди.

Ага ылайык, алгач грек-рим күрөшү боюнча беттештер бүгүн башталат.

Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактагылар күч сынашат.Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команда бекитилет.

Башталышы 11:00дө, ал эми чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи саат 17:00дө өтөт.