Бишкекте үч кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

11:13, 14 января 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте үч кабаттуу турак үй күйүп жатат. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына окурман кабарлап, окуя болгон жерден видео жөнөткөн.

Өрт бүгүн, 14-январда саат 9:00 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде болгон.

Окуянын күбөсү 24-kg.com басылмасына билдиргендей, өрт учурунда адамдар үйдөн буюмдары жана чемодандары менен качып кетишкен. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бригадасы жана бир өрт тепкич тартылып жатат.