Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды

15:32, 20 января 2025, Бишкек - 24-kg.com

Алтынбек Жумаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КРнын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жумаев Алтынбек Токтомуратович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды.