Таласта катуу шамал жергиликтүү мектептин чатырын учуруп кетти

17:31, 22 января 2025, Бишкек - 24-kg.com

Чолпонбай айыл аймагынын Жоон-Дөбө айылында катуу шамал жергиликтүү мектептин чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМнын басма сөз кызматы

Маалыматка караганда, Айтматов районуна караштуу Жон-Дөбө айылында бүгүн, 22-январда ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталып, Р.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырын учуруп кеткен.

Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды такташууда. Жабыркагандар жок.