Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионатынын жеңүүчүсү болду

10:18, 27 января 2025, Бишкек - 24-kg.com

Белгилүү кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Ал Германиянын «Шорндорф» клубунда ойнойт.

Фото Архивден алынды. Акжол Махмудов — Германиянын клубдук чемпионатынын жеңүүчүсү

Баштапкы этапта кыргызстандык балбан 12 беттештин баарын жеңип, плей-оффко өттү. Кайра финалдык беттеште ал ишенимдүү жеңишке жетишти.

Акжол Махмудов жети беттеш өткөрүп, анын бешөөндө жеңишке жеткен.

Эске салсак, балбаныбыз 2023-жылы Германиянын Бундеслига командаларынын клубдук чемпионатына катышуу үчүн Шорндорф клубу менен келишим түзгөн.