15:39, 28 января 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 28-январда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.
Министрликтин басма сөз борбору билдиргендей, тараптар Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Бахар Айдынлы келечекте бул медициналык мекемеде трансплантологдордун эки тобу иштей турганын билдирди.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда эки бейтап бөйрөгүн алмаштырууга даяр экенин билдирди.
«Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин кол коюлган келишимдердин алкагында бөйрөктү трансплантациялоо башка бейтаптарга да жеткиликтүү болот. Бул операцияларды каржылоо КР министрлер кабинетинин буйруктарынын негизинде ишке ашырылат. Бир бейтапка бөйрөк алмаштыруунун баасы 7,5 миң долларды түзөт. Алгачкы эки операцияга президенттин демөөрчүлүк фондунан 15 миң доллар бөлүндү», — деди Бейшеналиев.