Транспорт министриТөө-Ашуу туннелдин жанына унаа токтотуучу жай курууну тапшырды

09:26, 29 января 2025, Бишкек - 24-kg.com

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы иштер менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Министр жумушчу сапарынын алкагында «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» тарабынан орнотулган жол кыймылын көзөмөлдөгөн камераларды текшерип, кызматкерлердин аткарган иштери менен таанышты.

Транспорт минисрлигинин жетекчиси жаз мезгилинде туннелдин түндүк жана түштүк тарабын иретке келтирүү, автоунаа токтоочу жайларды куруу, жол чиймелерин жана жол белгилерин жаңылоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.