MEGA санариптештирүүнү өнүктүрүү башчысы Санариптик өнүктүрүү министри болду

12:42, 29 января 2025, Бишкек - 24-kg.com

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жетекчилик алмашты. Нурия Кутнаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Интернеттен алынды. Нурия Кутнаева
Интернеттен алынды. Азамат Жамангулов
Президенттин башка жарлыгы менен Азамат Жамангулов (Mega мобилдик компаниясынын санариптик кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы) санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Учурда Азамат Жамангуловдун талапкерлиги аны санариптик өнүктүрүү министри кызматына бекитүүгө макулдук берүү үчүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Кошумчалай кетсек, Нурия Кутнаева бул кызматты 2023-жылдын 13-сентябрынан бери аркалап келген.