13:41, 29 января 2025, Бишкек - 24-kg.com
Түндүк-түштүк альтернативалык жолун 2025-жылдын май айында ачуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Жол пайдаланууга берилгенден кийин Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин 6 саатта (учурда жолдун убактысы 13 саат) барууга мүмкүн болору күтүлүүдө. Бул каттам өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырган, ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүнү камсыз кылган маанилүү транспорттук артерия болуп калат деп белгилейт Транспорт министрлиги.
Эске салсак, аталган каттамдын курулушу 2014-жылы башталган.