08:30, 31 января 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте Кытайда өтүүчү Кышкы Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасына өлкөнүн мамлекеттик желегин тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Хоккей федерациясы социалдык тармактарда билдирди.
Ачылышта желекти хоккейчи, КР курама командасынын чабуулчусу Мамед Сейфулов алып барат.
Белгилей кетсек, КР хоккейчилери мелдешти 3-февралда башташат.