12:50, 31 января 2025, Бишкек - 24-kg.com
Салык кызматынын кызматкерлери 90 миң куту жасалма «Орбит» сагызын жок кылышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.
Маалыматка ылайык, жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын жана товардык белгинин ээсинин өкүлүнүн катышуусунда өттү.
Буга чейин Бишкектеги базарлардын биринде конфискацияланган контрафакттык продукция соттун чечимине ылайык борбор калаага жакын жердеги таштанды таштоочу жайда атайын мешке (иннератор) күйгүзүлгөн.
Салык кызматы Кыргызстандын аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо жана жок кылуу боюнча ишин улантат.