18:12, 31 января 2025, Бишкек - 24-kg.com
Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Кундус Кырбашева уюмдагы ишин аяктап, башка кызматка өтүүдө. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине аталган фонддон билдиришти.
Кундус Кырбашева фонддогу ишин жыйынтыктап жатып, жетишкендиктерди жана маанилүү реформаларды белгиледи. Ал кайра жаралуучу энергетика жаатындагы өнүгүү, президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча системалык чараларга байланыштуу болгондугуна токтолду.
Бул мезгилдин ичинде ижара төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы 113 миллион сомду түздү, салыштырмалуу: бүткүл 2023-жыл ичинде ижара боюнча көрсөткүч ноль болгон. Алты ай ичинде конкурстук комиссиянын 18 жыйыны өтүп, 107 лот каралды.
Белгиленгендей, учурда фонддун балансында жалпы аянты 19 миң гектардан ашык болгон 82 жер тилкеси бар, алардын ичинен 15 миң гектары инвесторлорго өткөрүп берүүгө даяр болуп турат. Бул кайра жаралуучу энергия булактары тармагын мындан ары да өсүшүнө өбөлгө түзөт.
"Кырбашева өлкөдө жашыл долбоорлорду мындан ары илгерилетүү үчүн, топтогон тажрыйбасын жана иштелип чыккан механизмдерди колдонуу менен кайра жаралуучу жашыл энергетика секторун өнүктүрүүнү жаңы форматта улантууну көздөйт",-деп айтылат маалыматта.