Азия оюндары. Кыргызстандын керлинг боюнча курамасы кимдер менен беттешет?

10:49, 04 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын керлинг боюнча курама командасы аралаш жана эркектер арасындагы жуптар боюнча күч сынашат. Оюндардын ыраатамасы веб-сайтынан тапса болот.

КР аралаш жуптар боюнча турнирде В тайпасында ойнойт.

4-февраль:

Катар — Кыргызстан;

Кыргызстан — Филиппин;

5-февраль:

Кыргызстан — Кытай;

6-февраль:

Казакстан — Кыргызстан;

Корея Республикасы — Кыргызстан.

Эркектер арасындагы турнирде биздин команда А тайпасында ойнойт.

9-февраль:

Корея Республикасы — Кыргызстан;

10-февраль:

Филиппин — Кыргызстан;

11-февраль:

Кытай Тайбэй — Кыргызстан;

12-февраль:

Кыргызстан — Казакстан.

Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.