13:12, 04 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Орусиянын Москва облусундагы кыргызстандыктарга 1,5 миллион рубль айлык маяна карызы кайтарылды. Бул тууралуу КР Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү билдирди.
Белгиленгендей, ага КР жарандары кайрылып, «ПГС-ПРО» ЖЧКсы тарабынан эмгек акы төлөнбөй жаткандыгы боюнча даттанышкан.
Москва районунун укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында маселе оң жагына чечилди.