«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери карызы бар абоненттер арасында рейд баштады

17:08, 05 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн акча төлөөдөн качкан карызы бар абоненттердин арасында рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери карызын төлөй элек абоненттердин үйлөрүн кыдырып, атайын эскертүүлөрдү чаптап жатышат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жеке жана юридикалык жактардын «Тазалык» ишканасына болгон карызы 200 миллион сомдон ашат.