Президент Садыр Жапаров Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу анын дүйнөлүк маданиятка сиңирген эмгегин таануу символу гана эмес, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулгандыгынын далили экенин баса белгиледи.
«Пекин тил жана маданият университети, ар кандай маданияттардын жана идеялардын айкалышкан жери катары, мындай масштабдуу инсанды эскерүү үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Бүгүнкү иш-чара маданият мамлекеттерди жана элдерди бириктирип, тилдик, улуттук жана аймактык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн уникалдуу жөндөмгө ээ экендигин эскертип турат», — деп Садыр Жапаров белгилеп, жазуучунун бюстун жараткан кытайлык скульпторго ыраазычылыгын билдирди.
«Ушул сыяктуу демилгелер жана долбоорлор өз ара урматтоого, ишенимге жана илим, маданият жана билим берүүдөгү кызматташтыкты тереңдетүү умтулуусуна негизделген бекем достугубуздун айкын далили. Пекин тил жана маданият университетинде эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым болуп, элдерибиздин достугунун бекем символу катары каларына ишенем», — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки өлкөнүн жана элдин гүлдөп-өнүгүшү жана бакубат жашоосу үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүк принциптерине таянып, ынак коңшусу жана ишенимдүү досу Кытай менен ар тараптуу кызматташууга умтуларын белгиледи.