06:29
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бүгүн Кытайдын Харбин шаарында IX кышкы Азия оюндары ачылат

Бүгүн, 7-февралда IX кышкы Азия оюндарынын ачылышы Кытайдын Харбин шаарында өтөт.

Кышкы оюндарга Кыргызстандын атынан 53 спортчудан турган команда катышып, алар спорттун беш түрү: биатлон, тоо лыжа тебүү, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Мелдеште 64 медаль комплекти 11 программанын түрү боюнча ойнотулат — коньки тебүү, фристайл, шорт-трек, лыжа жарыш, сноуборд, биатлон, көркөм муз тебүү, тоо лыжасы (лыжа менен альпинизм), керлинг, тоо лыжасы (эңкейиш) жана хоккей.

Эң көп окулган жаңылыктар