Садыр Жапаров IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышты

14:44, 07 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда, 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышына арналган мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты.

«Күнөстүү шаарда» президент Садыр Жапаровду жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүүнүн соңунда өлкөлөрдүн лидерлери 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышынын урматына расмий кабыл алууга катышат.

Президенттин басма сөз кызматы

Иш-чарага Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари, Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах, Таиланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы У Вон Шик жана башка расмий адамдар катышууда.