Азия оюндары. Кыргызстандын хоккейчилери чейрек финалда Гонконг менен беттешет

09:43, 10 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештердин сайтында маалымдалды.

Бир күн мурун кыргызстандыктар Сингапур курамасын 11:2 эсебинде утуп алган.

КР командасы 8 упай менен В тайпасында биринчи орунду ээледи.

Бүгүн, 10-февралда чейрек финалда биздин команда Гонконгдон келген атаандаштары менен беттешет.

Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтүп жатат. Кыргызстандын курама командасы биатлон, лыжа, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышууда.