12:21
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын январында 96,8 млрд сомду түздү

2025-жылдын январында республиканын экономикасы негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь айында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 96,8 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу 10,6 пайызга өскөн.

Бул олуттуу өсүш экономиканын негизги тармактарында өндүрүштүн өсүшүнө, тейлөө чөйрөсүндөгү өсүшкө, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу.

2025-жылдын январь айында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январына салыштырмалуу 10,7 пайызга өстү, ал эми тазаланган мунайзаттарын өндүрүү 2,4 эсеге, тамак-аш азыктары (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдары 1,6 эсеге, химиялык заттар жана курулуш материалдары 1,5 эсеге жана фармацевтика продукциясы 33,7%га, резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары 20%га, текстиль өндүрүшүндө, тигүү өндүрүшүндө 4,2%га, тоо-кен өндүрүшүндө 2,5%га өскөн.

Эң көп окулган жаңылыктар