Чолпон-Ата шаарында цех күйүп кетти

10:29, 11 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Чолпон-Ата шаарында цех күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт таңкы саат 5:00 чамасында чыккан. Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бригадасы тартылган. Саат 7.45те өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 70 чарчы метр цех, массаж бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн.

Жабыркагандар болгон жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.