Улуттук Кардиохирургия жүрөк жана органдарды трансплантациялоо институтундагы кечээки өрттөн кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, бир күн мурун, 11-февралда саат 21:00дөр чамасында ооруканада өрт чыккан. Окуя болгон жерде куткаруучулар, ӨКМдин кызматкерлери, аймакты курчоого алган Өрт-куткаруу кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери, борбор калаанын тез жардам кызматынын медицина кызматкерлери иштешти.
Өрт саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен эки бала каза болуп, 260 адам эвакуацияланган.
Биринчи Май РИИБнен билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) беренеси менен козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.