14:11
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

ЖКда унаа айнегин караңгылатууга уруксат кагаздарынын баасын азайтуу айтылды

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев карапайым жарандар үчүн унаа айнектерин караңгылатууга уруксат кагаздарынын баасын төмөндөтүүнү суранды.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда демилгечилер караңгылатуу 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин болорун айтышса, азыр 80 миңге жетти.

«Сиз депутаттарды алдаган экенсиз. Машинанын маркасына жараша бааны коюуга болобу: бири кымбатка, мисалы Лексус 570ге, башкасына дагы? Башкача айтканда, акчасы барларга мындай мүмкүнчүлүк берилип, жөнөкөй жарандарга берилбейт. Алар унаанын классына жана баасына жараша бааларды коюуну сунушташат. Алардын айрымдары күнгө аллергиясы бар. Бааны 10-15 миң сомдун чегинде коюңуз, ошондо көбүрөөк элди камтымаксыз», — дейт Жаныбек Кыдыкбаев.

Автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү 2022-жылдын 1-июнунан тарта караңгылатуу уруксат кагазы 80 миң сом деп жооп берди. Бирок 2022-жылдын 1-сентябрында анын баасы 50 миңге түшүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар