16:14, 12 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Журналист Шайырбек Абдырахман фейсбук баракчасына министрдин орун басары Эдил Байсаловдун Маданият министрлигине өзүнүн телеканалын ачуу сунушуна пикирин билдирди.
«Азыркы заманда телеканал ачуу акчаны шамалга чачуу болуп эсептелет. Себеби ТВнын ордун учурда интернет алып койгон. Андан көрө соцтармактар, ютуб каналдар менен иштешүү учур талабы. Дагы бир ТВ ачканда, дагы бир ТВ болот да, башка эмне эффект бермек эле», -деди Шайырбек Абдырахман
Мындан ташкары ал өзүнүн кесиптештерине буйрутма берсе көптөгөн китептерди окутуп, ютуб, соцтармактарга киргизээрин айтты.
«Тентектер деген студия бар, аларга заказ берсе кыргыз эл жомокторунан укмуш мульт фильмдерди жасай алышат.Мамлекет бир ок менен эки үч коён атат. Биринчиден маданий агартуу иштери жүрөт, экинчиден башка «жумшак күчтөргө» атаандаш өзүбүздүн күч чыңалат, үчүнчүдөн өлкөбүздө идеологиялык иш алып баруучу атайын жеке студиялар күчөйт. Балдарыбызды кыргыз баалуулугунда тарбиялоодо чоң көмөк болот», -деп белгиледи.