02:42
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

УКМКнын кызматкерлери КСДПнын дагы бир мүчөсүн кармады

Социал-демократтар саясий партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев кармалганын ЖМКлар Кадырбек Атамбаевге шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Ал бир күн мурун, 13-февралда кармалганы такталган.

УКМКнын басма сөз борбору Фархад Баабиевдин кармалганын 24-kg.com агенттигине тастыктап, себептери тууралуу кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 13-ноябрында саясий партиянын штабында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгы Социал-демократтар партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен депутаттыкка талапкер Данияр Чолпонбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиотасмадан кийин КР Кылмыш-жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген .

15-ноябрда Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди № 1 тергөө абагына камаган. Камакка алынгандар добуштарды сатып алган деп айыпталууда. Камалгандан кийин эле Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаган. Ал бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар