13:31, 17 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында коопсуздук кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Ош облусунун Алай районунун М.С.Ж. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жогорудагы жаран аталган акча каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3,0 гектар болгон менчиктештирилген жер тилкесине карата текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында берген.
Учурда зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.