Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат

15:17, 17 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда 2025-жылы ыйык Орозо айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

Орозо айт майрамы 30-мартта белгилениши күтүлүүдө.

Рамазан айында момундар күндүзү тамак-аштан, суусундуктан жана башка дүйнө жыргалдарынан тыйылып, намазга, садака берүүгө жана руханий жактан тазаланууга өзгөчө көңүл бурушат.