Президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү жаңы кызматка дайындалды

16:30, 17 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Далиев Уланбек Эшенович президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эске салсак, ал буга чейин мамлекет башчысынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт иштеген.