Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды

15:10, 18 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-февралдагы жыйынында ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызды карайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 24-kg.com басылмасына билдиргендей, эл депутатынын бош калган мандаты «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Гүлсүнкан Жунушалиевага өтөт.

Айрым маалыматтарга караганда, Гүлшаркан Култаева мамлекеттик кызматка өтүп жатат.