Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү болгон жана мурда мамлекеттин пайдасына алынган мейманкана шаардык билим берүү башкармалыгынын карамагына өттү. Мындай маалыматты аталган мекеменин жетекчиси Салтанат Аманова «Азаттыкка» тастыктады.
Анын айтымында, администрация жалпы аянты 1468 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратка жарым ай мурун көчүп келген. Билим берүү бөлүмүнүн мурдагы имараты «Лотос» балдар үйүнө берилет.
Буга чейин Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык болгон Ош шаарындагы «Эрем» спорт клубу 2024-жылдын сентябрь айында түштүк борбордун мэриясынын карамагына өткөнү маалымдалган.
Эске салсак, 2024-жылы Райымбек Матраимовго издөө жарыяланып, кийин Бакуда кармалгандан кийин бийлик Матраимовдун мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланганын билдирген. Бул объектилердин арасында Бишкек, Ош шаарларындагы жана Ысык-Көл облусундагы үйлөр жана турак-жай , имараттары болгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 доллар (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) болгон кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн белгиледи.