Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,5 пайызга өстү

11:04, 21 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Былтыр Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,5 пайызга өскөн. Мындай маалыматтар Евразиялык экономикалык комиссиянын материалдарында камтылган.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2024-жылы 2023-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 4,5 пайызга өскөн.

Биримдиктин бардык мамлекеттеринде өсүш байкалды: Кыргызстанда — 5,5 пайызга, Беларуста — 5,4 пайызга, Арменияда — 4,7 пайызга, Россияда — 4,6 пайызга жана Казакстанда — 2,7 пайызга.

Ошол эле учурда ЕАЭБде кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү отчеттук мезгилде 8,2 пайызга өскөндүгүн кошумчалады.