15:24, 21 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Быйыл жазгы талаа иштерине дизелдик отунга болгон керектөө 40,5 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев брифингде билдирди.
Анын айтымында, аталган башкармалык Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен меморандумга кол койгон.
«Алар күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт деп убада беришүүдө. Алардын саны жетиштүү жана алар жазгы, жайкы жана күзгү талаа иштерине жетет. Учурда дизель майынын орточо баасы литрине 69,5-71 сомду түзүүдө», — деди министрдин орун басары.
Ал кошумчалагандай, 2025-жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду да дыйкандарга кошумча дизель майын литрине 65 сомдон арзандатылган баада бөлүп берет.