Чүйдө 341,8 млн сомдук социалдык объектилери мамлекетке кайтарылды

12:39, 25 февраля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бирдик айылындагы «Улар канаттуулар фабрикасы» ААКга тиешелүү болгон бир нече социалдык инфраструктуралык объектилерди муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объектилер ишкананы менчиктештирүүдө мыйзам талаптарын бузуу менен өз убагында муниципалдык менчикке өткөрүлбөй, мыйзамсыз түрдө акционердик коомдун карамагында калганы аныкталган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Төмөнкүлөр муниципалдык менчикке кайтарылды:

фельдшердик-акушердик пункт, мончо, почта, клуб, сейил бак жана суу мунарасы, аянты 3,32 гектар жер тилкесинде жайгашкан.

Мүлктүн жалпы баасы 341 миллион 857 миң сомду түзөт.