Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

10:06, 04 марта 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда бүгүн, 4-мартта таңкы саат 7де жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу киргизилген.

Учурда № 9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдогу карды тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштерин аткарышууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.