«Кыргызсериал» патриоттук-социалдык драманы тартууга тендер жарыялайт

10:50, 07 марта 2025, Бишкек - 24-kg.com

«Кыргызсериал» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси «Сага жыргал, торгой...» деген жумушчу аталыштагы патриоттук-социалдык драманы коюуга конкурс жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Кинематография департаменти тасма 90-120 мүнөткө созулаарын жана экиден кем эмес эпизодду камтууга тийиш экенин билдирет.

Фильмди тартуунун пландык баасы 15 миллион сомду түзөт.

Тасманы 2025-жылдын 24-ноябрына чейин бүтүрүү пландалууда.