Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

14:34, 07 марта 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 7-мартта жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

ӨКМ тургундарга жана айдоочуларга коопсуздуктун алдын алып, сак болуусун эскертти.