Бишкекте жолдогу чуңкурларды оңдоо иштери башталды

12:11, 10 марта 2025, Бишкек - 24-kg.com

Борбор калаанын «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызматкерлери жолдогу чуңкурларды жамоо иштерин баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Аска-Таш» комплексинен «Манас» аэропортуна чейин түштүк тараптан Васильевский трассасын бойлой чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Жолдун түндүк бөлүгүн оңдоо иштери бүгүн, 10-мартта башталды.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Белгилей кетсек, буга чейинки иштер Жибек-Жолу проспектиси боюнча Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейин, Фучик көчөсүнүн Аска-Таш комплексинен Чүй проспектисине чейин, Манас проспектисинин мамлекеттик резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин жүргүзүлгөн.

Буга чейин муниципалитет «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2025-жылы 12 миң 472 чарчы метр аянтка чуңкурларды оңдоо иштерин жүргүзөрүн билдирген.