18:01
USD 87.35
EUR 101.23
RUB 1.08

Бишкекке кондиционери бар 120 электр автобус келет

2025-жылдын жай айынын ортосуна чейин Бишкекке кондиционери бар 120 электробус келет. Бул тууралуу шаардык кеңештин архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл дагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу газ менен жүрүүчү дагы 95 автобус келүүсү күтүлүүдө.

Учурда № 1 жана № 2 автобазада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп, анын жүрүшүндө электробустарды кубаттоочу жайлардын инфраструктурасы курулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар