Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды

12:41, 24 марта 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кубанычбек Бөкөнтаев ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, Бөкөнтаев 2024-жылдын августунда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.

Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын жетекчиси кызматын аркалап, «Экономика. Банктар. Бизнес» гезитинин редактору болуп иштеген.

Фото Интернеттен алынды. Кубанычбек Бөкөнтаев